Ирандык командир Сирияда жок кылынды

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын Сириядагы командирлеринен Рази Мусеви Израилдин Дамаск жакындарына жасаган кол салуусунда өлтүрүлдү.

2080830
Ирандык командир Сирияда жок кылынды

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын Сириядагы командирлеринен Рази Мусеви Израилдин Дамаск жакындарына жасаган кол салуусунда өлтүрүлдү.

Израиль армиясы Сириянын борбор шаары Дамаск жакындарында ракеталык кол салуу жасады. Кол салууда Иран Төңкөрүш Гвардиясынын Сириядагы командирлеринен Рази Мусеви жок кылынды. 

Израилдин кол салуусуна Иран катуу каршылык көрсөттү. 

Ирандын президенти Ибрахим Реиси : "Сөзсүз бул кылмыштын жообун алыташ",- деди. 

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян  социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн бөлүшүп :  «Тель-Авив кыйын саноону күтүшү керек»,- деди.

Төңкөрүш Гвардиясы тарабынан жасалган билдирүүдө Израилдин кылгандарынын жообун алары  белгиленди.

Рази Мусевинин  2020 -  жылы Иракта АКШнын кол салуусунда өлтүрүлгөн ирандык генерал Камыс Сүлейманининжакын досторунун бири экендиги белгилүү.

Мусеви Сирияда Төңкөрүш Гвардиясынын "аскердик кеңешчиси" катары кызмат кылып жаткан.  

 



Тектеш кабарлар