АКШ Катаиб Хизбуллах объектилерине сокку урду
Ак үйдөн берилген маалыматта Иран жактоочусу Катаиб Хизбуллах уюмунун Ирактагы Америка базасына жасаган учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусунда АКШнын 3 аскеринин жаралангандыгы белгиленди.
АКШ Ирактагы аскердик базасына кол салган Катаиб Хизбуллах уюмуна таандык объектилерге сокку урганын жарыялады.
Ак үйдөн берилген маалыматта Иран жактоочусу Катаиб Хизбуллах уюмунун Ирактагы Америка базасына жасаган учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусунда АКШнын 3 аскеринин жаралангандыгы белгиленди.
АКШнын президенти Жо Байдендин буйругунан кийин АКШ армиясынын Иракта Катаиб Хизбуллах уюмуна таандык 3 объектиге кол салуунун болгондугу белгиленди.
АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция Эрбилдеги базасына кечээ учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салып, Эрбилдеги жарандык аэропортто каттамдар токтотулду.
Бир тараптан Иракта жергиликтүү медиа органы Shafaak Newsта орун алган кабарда АКШ күчтөрүнүн Бабил аймагында Хашди Шааби позицияларына жасаган кол салуусунда 20 Хашди Шааби мүчөсүнүн жаралангандыгы билдирилди.