Нигерияда фейерверк атууга тыюу салынды

Коопсуздук башкы директорлугу билдирүү жасады.

2080475
Нигерияда фейерверк атууга тыюу салынды

Нигерияда коопсуздук маселесинен улам Рождество менен Жаңы жыл майрамдарында фейерверк жана жарылуучу заттарды колдонууга тыюу салынды.

Коопсуздук башкы директорлугунун билдирүүсүндө, өлкөдө коопсуздук көйгөйлөрүнүн күчөшүнүн себебинен аймактарда Рождество жана Жаңы жыл майрамдарында фейерверк менен бардык жарылуучу заттарды сатууга жана колдонууга тыюу салынганы белгиленди.

Мындай чечимдин коомчулуктун коопсуздугу үчүн кабыл алынганы, мыйзамды аткарбагандардын камакка алынары жана аларга каршы иш козголору айтылды.

Билдирүүдө коомчулукка майрамдар учурунда жардыргыч заттардан алыс болуу чакырыгы салынды.



Тектеш кабарлар