Иранда эл аралык Палестина конференциясы өттү

Түркия, Пакистан, Катар, Босния-Герцеговина, Кыргызстан, Афганистан, Оман, Сауд Арабия, Малайзия, Кытай жана Орусия сыяктуу 50гө жакын өлкөдөн катышуучулар Ирандын президенти Ибрахим Раисинин ачылыш сөзүн жасаган конференцияга катышты.

2080189
Иранда эл аралык Палестина конференциясы өттү

Эл аралык Палестина конференциясы Ирандын борбору Тегеранда 50гө жакын өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Түркия, Пакистан, Катар, Босния-Герцеговина, Кыргызстан, Афганистан, Оман, Сауд Арабия, Малайзия, Кытай жана Орусия сыяктуу 50гө жакын өлкөдөн катышуучулар Ирандын президенти Ибрахим Раисинин ачылыш сөзүн жасаган конференцияга катышты.

Конференцияга Түркиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз жана Тегеран элчиси Хижаби Кырлангыч катышты.

Президент Раиси ачылыш сөзүндө бардык өлкөлөргө катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жана кээ бир батыш мамлекеттеринин Газага кол салуулардагы мамилесине да токтолгон Раиси, бул өлкөлөрдүн тынчтыкты эмес, согушту жактагандарын жана муну Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде (БУУ) ок атышпоо сунушуна вето коюу менен дагы бир жолу көрсөткөнүн айтты.

Израилдин кылмыштарына АКШ жана кээ бир батыш мамлекеттеринин шериктеш экенин белгилеген Раиси, Газада болуп жаткандарга байланыштуу эл аралык уюмдардын таасирсиздигинин ого бетер кейиштүү экенин айтты.

Ибрахим Раиси учурдагы дүйнө тартибин «адилетсиз» деп мүнөздөп, Газада кылынган согуш кылмыштары менен аялдар менен балдардын өлтүрүлүшүнүн бул тартиптин бир чыгарылышы экенин баса белгиледи.

Раиси Газага кол салуулардын дароо токтотулушу, аймактагы блокаданын жоюлушу жана гуманитардык жардам үчүн чек аралардын ачылышы жана Газанын кайра курулушуна жардам берүү үчүн атайын фонддун түзүлүшү керектигин түшүндүрдү.

Тышкы иштер министринин орун басары Йылдыз конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Газага жардамдарынан тышкары түрк бейөкмөт уюмдары, ар башка коомдук жана саясий катмардан жеке адамдар жана уюмдардын да Палестинага жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен мобилизацияланганын белгиледи.

«Жакынкы тарыхта Израилдин өңүтсүз кол салууларынан улам кыйроолор жана адам өмүрү кыйылган эч кандай мисал жок»,-деген Йылдыз, тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн Израилге жана колдоочуларына кысым көрсөтүү үчүн биргелешип аракет кылышы керектигине көңүл бурду.

Йылдыз: «Дароо ок атышпоого жетишүү керек жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамга уруксат берилиши керек. Мындан тышкары, 1967-жылдагы чек араларында, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон Палестина мамлекетинин негизинде эки мамлекеттүү чечим табуу үчүн сүйлөшүүлөр башталышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар