Безгекке каршы экинчи вакцина үчүн квалификация процесси

ДССУнун сайтында жарыяланган пресс-релизге караганда, безгекке каршы "R21/Matrix-M" деп аталган вакцина уюмдун алдын ала квалификация процессинен өттү.

2079753
Безгекке каршы экинчи вакцина үчүн квалификация процесси

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) безгекке каршы экинчи вакцинанын алдын ала квалификация процессинен өткөнүн билдирди.

ДССУнун сайтында жарыяланган пресс-релизге караганда, безгекке каршы "R21/Matrix-M" деп аталган вакцина уюмдун алдын ала квалификация процессинен өттү.

Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан R21 вакцинасы Индиянын Серум институтунда өндүрүлүүдө.

Безгекке каршы экинчи вакцина бекитилгенден кийин Африка өлкөлөрүнүн вакцинага болгон суроо-талаптарын канааттандыруу оңой болот деп болжолдонууда.

ДССУнун жооптуусу Роджерио Гаспардын айтымында, R21 вакцинасы иммунитетти көтөрүүчү глобалдык программаларда колдонууга ылайыктуу.



Тектеш кабарлар