Ирактын Газага күйүүчү май жардамы жолго чыкты

Ирактын премьер - министринин кеңешчиси Зейдан Халаф, Басрадагы Хор эз-Зубайр портунан Палестина калкы үчүн жолго чыккан күйүүчү май жүктөлгөн кеменин Суэц портуна барганын жарыялады.

2079443
Ирактын Газага күйүүчү май жардамы жолго чыкты

10 миллион литр күйүүчү май жүктөлгөн кеме Ирактын түштүгүндөгү Басра портунан Газага багыт алды.

Ирактын премьер - министринин кеңешчиси Зейдан Халаф, Басрадагы Хор эз-Зубайр портунан Палестина калкы үчүн жолго чыккан күйүүчү май жүктөлгөн кеменин Суэц портуна барганын жарыялады.

Ирак Кызылайы Басра боюнча жооптуу  Хатем Атшан сөз болуп жаткан күйүүчү майдын Ирак өкмөтүнөн Палестинадагы Газа калкына белек катары жөнөтүлгөнүн белгилеп: «Бул күйүүчү май деңиз аркылуу Египетке жиберилип  Египет Кызылайына тапшырылат ал жерден да  Палестина Кызылайына берилет»,- деди. 

Ирактын премьер - министри Мухаммед Шиа аль - Суданинин Аскердик катчысы генерал Яхья Ресул да басма сөз билдирүүсүндө Палестина элине жардамдын улана турганын, жардамдын ишемби күнү эки учак менен Газага Египеттеги Ариш аэропортуна жөнөтүлө турганын айтты.

Сөзү болуп жаткан күйүүчү май жиберүүнүн биирнчи жолу жасалгандыгын айткан Атшан мындан кийин да медициналык жана азык  - түлүк боюнча жардамдын улана тургандыгын белгиледи. 


 



Тектеш кабарлар