Эрсин Татар Түштүк Кипр Рум башкаруусуна Израиль тууралуу каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Израиль менен кызматташкан Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Газага жардам көрсөтүүдө чынчыл эмес экендигин айтты.

2079345
Эрсин Татар Түштүк Кипр Рум башкаруусуна Израиль тууралуу каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Израиль менен кызматташкан Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Газага жардам көрсөтүүдө чынчыл эмес экендигин айтты.

Татар басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Британиянын Түндүк Кипр Рум башкаруусунда  эки аскердик базасынын бар экендигин айтып : "Эгерде бул жерден Израилге аскердик жана логистикалык колдоо берилип жаткан болсо Британиянын катуу айыптаймын",- деди. 

Татар Түштүк Кипр Рум башкаруусу көзөмөлгө алган жерлерде Израилге колдоо берүү үчүн акыркы мезгилде көбөйгөн   АКШ жана Франциянын аскерлерине көңүлдөрдү буруп, Түштүк Кипр Рум башкаруусу тарабынан күн тартибиндеги  "Газага деңиз жолу менен гуманитардык жардам коридорунун" рум жерлеринен Израилге аскердик жардам берүү ниетинде экендигин белгиледи. 

"Израиль менен кызматташкан Түштүк Кипр Рум башкаруусу Газага жардам тууралуу чынчыл эмес",- деген Татар : "Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Түштүк Кипрге барды. Алар (израилдиктер) келип жатат, бир тараптан булар (Рум жетекчилер) барып жатат. Кызматташуулары улантылууда. Бир тараптан айрым өлкөлөрдүн аскердик иш  -  аракеттери, бир тараптан Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Израиль менен карым  - катнаштары, булардын баарына караганда гуманитардык жардам коридору ишин башка маселелерди жабуу катары ойлоп жатам. Эгерде румдар гуманитардык жардам коридору тууралуу чын жүрөктөн мамиле кыла турган болгондо   Израиль менен мынчалык жакын болмок эмес",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар