Кытай Сары деңизде машыгуу баштагандыгын билдирди

Сары деңизде жүргүзүлгөн машыгууга абадан коргонуу жана суу астындагы кемелерге каршы  ракеталарды ташыган  башкарылуучу ракеталык эсминец жана үч фрегат катышууда.

2078879
Кытай Сары деңизде машыгуу баштагандыгын билдирди

Кытай Корея жарым аралынын батышындагы Сары деңизде деңиз флоту менен машыгуу баштагандыгын билдирди. 

Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Кытай Элдик боштондук армиясынын Түндүк фронт командирлигине караштуудеңиз флоту Сары деңизде бир канча күнгө созула турган "үзгүлтүксүз деңиз машыгууларын"  өткөрөт. 

Сары деңизде жүргүзүлгөн машыгууга абадан коргонуу жана суу астындагы кемелерге каршы  ракеталарды ташыган  башкарылуучу ракеталык эсминец жана үч фрегат катышууда.

Ракета жана кемеден ок атуучу кол салуулардын аба жана деңизден коргонуу, чалгындоо, каршы чалгындоо машыгууларынын  «кемелер ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруусу» максатталууда. 

Машыгуунун Кытай жана орус учактарынын 14 -  декабрда Корея жарым аралынын чыгышындагы Япон деңизинде жүргүзгөн биргелешкен күзөт учууларынан кийин болгону көңүлдөрдү бурууда. 

Түштүк Корея ошол эле күнү 2 Кытай жана  4 орус учагынын "Корея абадан коргонуу жана идентификация аймагына» (KADIZ) киргенин билдирди.

Япония да   2 Кытай жана 2 орус бомбалоочу учактарынын Япон деңиизи аркылуу учкандыгы   аныкталганын жарыялаган.

Эки өлкө тең коопсуздук жана эскертүү максатында аймакка согуш учактарын жибергенин жарыялашкан. 

 

 

 



Тектеш кабарлар