Иранда абанын булганышынан улам билим берүү онлайн режиминде болот

Бир тараптан Эльбурс губернаторлугунан берилген маалыматта да эртең аймакта Талекан жана Асара шаарларынын тышындагы отурукташуу пункттарында билим берүүнүн онлайн режимде болору белгиленди.

2078800
Иранда абанын булганышынан улам билим берүү онлайн режиминде  болот

Ирандын Тегеран жана Эльбурс провинцияларында абанын булганышынан улам бардык деңгээлде билим берүү онлайн режиминде уланат.

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Тегеран губернаторунун орун басары Мир Мухаммед Гарави бул маселе боюнча билдирүү жасады. Гарави абанын булганышы күчөп жаткандыктан билим берүүнүн  онлайн режиминде болорун билдирди.

Бул чечимдин Тегерандын абанын булганышы боюнча өзгөчө кырдаал комитетинин сунушу боюнча кабыл алынгандыгын айткан Гарави ушуга жараша кечээ жана бүгүн бетме  - бет билим берүнүн болбогондугун билдирди. 

Тегерандын абанын булганышы боюнча  чукул кырдаал комитетинин чечимине караганда, дизель майы менен иштеген оор жүк ташуучу унаалар түнү да шаардын борборуна кире албайт, Тегеран мэриясы да унаалардын киришине чектөө киргизилген аймактарга кирүү билетин сатпайт. 

Бир тараптан Эльбурс губернаторлугунан берилген маалыматта да эртең аймакта Талекан жана Асара шаарларынын тышындагы отурукташуу пункттарында билим берүүнүн онлайн режимде болору белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар