Германияда Ирандын ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды

Дюссельдорф штатынын Жогорку соту кечээ Иран тектүү  немецти өрт коюу аракети үчүн 2 жыл 9 айга эркинен ажыратты.

2078721
Германияда Ирандын ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды

Германияда бир синагогага карата пландалган кол салуу тууралуу Ирандын Берлиндеги ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды. 

Германияын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : "Дюссельдорф  Жогорку мамлекеттик сотунун билдирүүсүнө караганда, 2022 - жылдын ноябрь айында Бохумдагы синагогага пландалган кол салуунун издери Ирандын мамлекеттик мекемесине таандык. Ушул себептен  биз Ирандын  ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине  чакырдык",- деди.

Билдирүүдө Германиядагы еврей коомчулугунун кол салууга учурашынын кабыл алынгыс экендиги баса белгиленип : "Германияда чет элдиктердин көзөмөлүндөгү эч бир зомбулукка чыдабайбыз. Чечимдин чындыктары жана жыйынтыктары Европа Биримдиги деңгээлинде Иранга каршы кийинки кадамдар  боюнча мааниге ээ болууда",- деди. 

Дюссельдорф штатынын Жогорку соту кечээ Иран тектүү  немецти өрт коюу аракети үчүн 2 жыл 9 айга эркинен ажыратты.

Соттогу чечимде өрт коюу  аракетинин артында Иран мамлекеттик мекемелеринин тургандыгы белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар