АКШда катуу жаан жана көчүүлөр...

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс Нью-Йорктун тургундарына зарыл болбосо, жол кыймылынан качууну жана коомдук транспортту колдонууну сунуштады.

2078306
АКШда катуу жаан жана көчүүлөр...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) түндүк-чыгыш штаттарында кечээ түндөн бери уланып жаткан катуу бороон жана жамгырдан улам 250 миңден ашуун үйдө жана жумуш ордунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Нью-Йорк, Нью-Жерси, Коннектикут, Массачусетс жана Нью-Гэмпшир штаттарындагы жаман аба ырайы жашоого терс таасирин тийгизди.

Нью-Йорктун муниципалитети жарандарды капысынан болуучу суу ташкындарына каршы эскертти.

Мэр Эрик Адамс Нью-Йорктун тургундарына зарыл болбосо, жол кыймылынан качууну жана коомдук транспортту колдонууну сунуштады.

Өлкөнүн түндүк-чыгыш штаттарында болгон катуу бороондон улам электр зымдарына бак-дарактардын кулашынын натыйжасында 250 миңден ашуун үй жана жумуш орду жарыксыз калганы белгиленди.

Бир тараптан АКШда жүргүзүлгөн бир изилдөөдө 3,2 миллиондон ашуун америкалыктын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу сел коркунучу жогору аймактардан көчүп келгени белгиленди.

«Nature Communications» журналында жарыяланган жаңы изилдөөдө «Климаттан баш тартуу аймактары» деп аталган аймактарга көңүл бурулду.

Изилдөөдө 2000-2020-жылдар аралыгында Кошмо Штаттарда 3,2 миллиондон ашуун адамдын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу сел коркунучунан улам жер которгондугу белгиленди.

2020-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын жана өлкө боюнча сел коркунучу бар аймактарды салыштыруу менен жүргүзүлгөн изилдөөдө, суу ташкындарына түздөн-түз байланыштуу 20 жыл ичинде 3,2 миллиондон ашык калктын так азайуусу болгондугу аныкталган.

Изилдөөдө АКШ боюнча 113 миллион адамдын климаттын өзгөрүшүнөн улам суу ташкын коркунучу алдында турганына көңүл бурулуп, алдыдагы 30 жылда дагы 2,5 миллион адамдын жер котороору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар