АКШ : Анадолу агенттигинин кабарчысына кол салгандар жоопко тартылышы керек

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында Израиль күчтөрүнүн кол салууларына байланыштуу суроолорго жооп берди.

2078404
АКШ : Анадолу агенттигинин кабарчысына кол салгандар жоопко тартылышы керек

АКШнын мамлекеттик департаменти Чыгыш Кудста Анадолу агенттигинин фото  кабарчысы Мустафа Харуфка кол салган Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн  жоопко тартылышы керектигин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында Израиль күчтөрүнүн кол салууларына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Чыгыш Кудста  Израиль күчтөрүнүн Анадолу Агентинин фото   кабарчысы Хафурга карата кол салуусу тууралуу видеого байланыштуу суроого : «Бул окуя тууралуу видеолорду көрдүм. Бир журналистке каршы күч колдонууга байланыштуу тынчсыздантуучу көрүнүштөрдөн тынчсыздануудабыз»,- деди Миллер.

Миллер тийиштүү видеонун  териштирилишин жана окуяга аралашкан кишилердин жоопко тартылышы керектигин ойлогонун айтты.

Израиль күчтөрү Анадолу генттигинин кабарчысы Мустафа Харуфту Чыгыш Кудста иш учурунда сабашкан.

Денесинин түрдүү жеринен жаракат алган Харуф тез жардам менен Чыгыш Кудстагы Макасид ооруканасына жаткырылган.

Израиль полициялары Харуфтун жанындагы оператор Фаиз Абу Румейлге да кол салган.



Тектеш кабарлар