Жейк Салливан Израилге барды

Салливан алгач коргоо министри Йоав Галлант менен жолугуп, сүйлөшүүдө Газа тилкесиндеги жана Ливан чек арасындагы жаңжалдар талкууланды.

2076915
Жейк Салливан Израилге барды

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галлант менен өз-өзүнчө жолугушту.

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары 7-октябрдан бери уланып жатканда, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Израилге барды.

Салливан алгач коргоо министри Йоав Галлант менен жолугуп, сүйлөшүүдө Газа тилкесиндеги жана Ливан чек арасындагы жаңжалдар талкууланды.

Министр Галлант өз билдирүүсүндө АКШ бийлигине "шартсыз колдоосу" үчүн ыраазычылык билдирди.

Салливан андан соң Израилде премьер-министр Нетаньяху менен жолугушту.

Жолугушууга Израилдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Цачи Ханегби жана АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Бретт Макгурк да катышты.

Салливан менен Нетаньяхунун жолугушуудан кийин Согуш кабинетинин мүчөлөрү менен кеңири жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.

Салливан Рамаллада Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар