Аль-Акса бул жума да дээрлик бош калды

Израиль полициясы өткөн жумалардагыдай эле Аксада жума намазын окууну каалаган палестиналыктарга тоскоол болду.

2077217
Аль-Акса бул жума да дээрлик бош калды

Израиль армиясынын Газа тилкесине кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 10-жума намазында да оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечити Израиль күчтөрүнүн чектөөлөрүнөн улам дээрлик бош калды.

Месжид-и Аксанын айланасындагы чектөөлөрүн уланткан Израиль полициясы өткөн жумалардагыдай эле Аксада жума намазын окууну каалаган палестиналыктарга тоскоол болду.

Кудс Исламий Фонддор Башкармалыгынан атын атагысы келбеген бир жооптуу кызматкер өз билдирүүсүндө, адатта жума күндөрү 100-150 миң киши кезекте турган Аксада 7-октябрдан берки акыркы 9 жумадагыдай эле бул аптада да Израилдин тоскоолдугунан улам 7 миңге жакын адамдын гана намаз окуй алганын айтты.

Израилдин чектөөлөрүнүн айынан он миңдеген палестиналыктын Аксага баруусуна жана намаз окуусуна бөгөт коюлганы билдирилди.

Жума намазы үчүн Аксага киргизилбеген палестиналыктар намаздарын Аль-Аксанын айланасында окушту.



Тектеш кабарлар