Ирандыктар умрага бара алышат
Ирандын жарым расмий Fars кабар агенттиги, Ирандагы 10 аэропорттон учкан учактар умра зыяраты үчүн Меккеге бара турган ирандыктарды ташый турганын жарыялады.
2076455
Тегеран менен Эр-Рияддын дипломатиялык карым-катнаштары кайрадан калыбына келишинен кийин ирандыктар 8 жылдан кийин биринчи жолу умра үчүн Сауд Арабияга бара алышат.
Иран жарандары 19-декабрдан тарта Сауд Арабияга үзгүлтүксүз бара башташат.
Ирандын жарым расмий Fars кабар агенттиги, Ирандагы 10 аэропорттон учкан учактар умра зыяраты үчүн Меккеге бара турган ирандыктарды ташый турганын жарыялады.
2016-жылдан бери ирандыктар Сауд Арабияга ажылык үчүн гана бара алышкан. Ирандыктар эми жылдын каалаган мезгилинде умраны аткара алышат.
Иран менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылы Эр-Рияд шиит диниятчысын өлүм жазасына тартып, андан соң Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине тинтүү жүргүзгөндөн кийин үзүлгөн.