Израилде Нетаньяхуга каршы демонстрациялар...

Тель-Авивдин борборундагы Хабима аянтына чогулган жүздөгөн өкмөткө каршы демонстранттар Барымтадагылар аянтын көздөй жүрүштү.

2074673
Израилде Нетаньяхуга каршы демонстрациялар...
netanyahu'yu protesto.jpg
israil netanyahu protesto.jpg
israil netanyahu protesto.jpg

Израилдин борбор шаары Тель-Авив жана Батыш Кудста жүздөгөн израилдик премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген өкмөткө нааразылык акциясына чыгышты.

Тель-Авивдин борборундагы Хабима аянтына чогулган жүздөгөн өкмөткө каршы демонстранттар Барымтадагылар аянтын көздөй жүрүштү.

Нетаньяхуга каршы баннерлерди көтөргөн демонстранттар коррупция үчүн айыптаган өкмөттү отставкага кетүүгө чакырышты.

Бир тараптан Батыш Кудстун Париж аянтында дагы бир оппозициячыл израилдик тобу чогулуп, Нетаньяху өкмөтүнө каршы ураандарды чакырышты.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Кесария шаарында чогулган демонстранттар тобу Нетаньяхуну кызматтан кетүүгө чакырып, анын резиденциясына карай жылышты.

Демонстранттар «Уят, уят!», «Канкор Нетаньяху» жана «Киши өлтүргүч Нетаньяху» сыяктуу ураандарды чакырышып, «Чык, кандуу адам, таш боор адам» жана «Биби: (Бинямин Нетаньяху) Израилди жок кылган адам» деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Газа тилкесинде кармалган израилдик туткундардын сүрөттөрүн көтөргөн демонстранттар жөөттөрдүн ыйык Ханука (Жарык) майрамынан улам туткундарды эскерүү үчүн шам жагышты.

Батыш Кудстагы демонстрацияда сүйлөгөн демонстранттар Нетаньяху өкмөтүнө ишенбей турганын айтышты.



Тектеш кабарлар