Данияда ыйык китептер мыйзамы

Мыйзамдын негизинде өлкөдө Курани Карим жана башка ыйык китептерди өрттөп, бул китептерге кол салууга, диний баалуулуктарды бутага алган туура эмес аракеттерге тыюу салынат.

2074002
Данияда ыйык китептер мыйзамы

Данияда ыйык китептерди өрттөп, аларга кол салууга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Дания парламентинде өткөрүлгөн добуш берүүдө мыйзам долбооруна 77 депутат каршы, 94 депутат макул добушун берди.

Мыйзамдын негизинде өлкөдө Курани Карим жана башка ыйык китептерди өрттөп, бул китептерге кол салууга, диний баалуулуктарды бутага алган туура эмес аракеттерге тыюу салынат.

Мыйзамды бузгандар айыпка жыгылат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамдын күчүнө кириши үчүн Даниянын ханышасы Маргрете IIнин кол тамгасы керек.

Соңку кездери Швеция менен Данияда Курани Каримге кол салуулар күчөп, бул провокацияларга жол берүү реакция жаратууда.

Даниялык ашынган оңчул саясатчы жана "Тике багыт партиясынын" лидери Расмус Палудан 2022-жылы Пасха майрамында Швециянын Мальмё, Норкөпин, Йонкёпинг шаарлары менен борбор калаа Стокгольмдо Курани Каримди өрттөө провокацияларын уланткан.

Палудан 21-январда Стокгольмдогу Түркия элчилигинин, 27-январда Түркиянын Копенгагендеги элчилигинин алдында Курани Каримди өрттөгөн.

Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика да Курман айттын биринчи күнүнө туш келген 28-июнь күнү Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөгөн.

Момика 20-июлда Стокгольмдогу Ирак элчилигинин алдында, 31-июлда Швеция парламентинин имаратынын алдында полициянын коргоосу астында Куранды жана Ирактын желегин тебелеген.

Кол салууларын көбөйткөн Момика 25, 26, 27 жана 29-августта Стокгольмдун ар кайсы жерлеринде полициянын коргоосу астында Курани Каримди өртөөнү уланткан.

Теги ирандык Бахрами Маржан болсо 3-августта Стокгольмдун Ангбыбадет пляжында полициянын коргоосу астында Ыйык Куранды өрттөгөн.



Тектеш кабарлар