Трамп кайра шайланса Мексика чек арасын жабат

Трамп Fox Newsтин аналитиги Шон Ханнити менен маек курду.

2073681
Трамп кайра шайланса Мексика чек арасын жабат

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп, эгер кайра шайланса бир күнгө гана диктатор болуп АКШ-Мексика чек арасын жабууну каалаганын жарыялады.

Америкалык Politico телеканалынын кабарына караганда, Fox Newsтин аналитиги Шон Ханнити менен маек курган Трамп, экинчи жолу АКШнын президенти болуп шайланса атаандаштарына каршы кандай аракеттери болору жана өч алып албай турганы жөнүндөгү суроого, кызматынын биринчи күнүндө гана "диктаторлук" кыларын билдирди.  

(АКШ-Мексика) Чек араны жаап, «бургулоону» ишке ашырууну каалаганын белгилеген Трамп, «Мунун тышында диктатор эмесмин»,-деди.

Трамп ошондой эле АКШнын президенти Жо Байдендин 2024-жылдагы шайлоодо "психикалык жана физикалык ден соолугуна байланыштуу" талапкер боло албайт деп ойлогондугун айтты.



Тектеш кабарлар