Палестина Чыгыш Кудста жаңы отурукташтыруу жери тууралуу планды токтотууга чакырды

Палестина Израилдин оккупациядагы Чыгыш Кудста жаңы мыйзамсыз еврей отурукташуу жерин куруу тууралуу пландын токтотулушу үчүн эл аралык коомчулукту жана АКШны чукул түрдө кийлигишүүгө чакырды.

2073218

Палестинанын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин оккупация астындагы Чыгыш Кудста жаңы   мыйзамсыз еврей отурукташуу жерин куруу тууралуу чечим катуу айыпталды. 

Билдирүүдө эл аралык коомчулук менен Америка Кошмо Штаттарына планды  токтотуу үчүн тез арада кийлигишүүгө чакыруу салынып, Израилдин Кудсту  конуштар жана отурукташуучулар менен толтурууну,  учурдагы тарыхый, саясий, укуктук жана демографиялык абалын өзгөртүү, еврейлештирүү жана Палестина чөйрөсүнөн толугу менен ажыратуу пландарынын бир бөлүгү экени белгиленди.

Израилдин бейөкмөт уюму Ир Амим тарабынан кечээ жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль бийлигинин Чыгыш Кудстун Сур аймагында 186 декар жерге 1792 үй куруу үчүн «Төмөнкү канал» деп аталган отурукташуу проектини жактырганы белгиленди. 

Мунун 2012 -  жылдагы Гиват Хаматос мыйзамсыз  еврей отурукташуусунан бери Чыгыш Кудс жерлеринде курулган биринчи отурукташуу жери планы болору белгиленген билдирүүдө Израилдин Чыгыш Кудста жаңы отурукташуу жеринин курулушу үчүн Газадагы кол салуулардан пайдаланылгандыгы баса белгиленген. 

Тектеш кабарлар