Нигерияда бомбаланган айылда каза болгондордун саны 120дан ашты

Эл аралык мунапыс уюмунун Нигерия директору Сануси Иса 3 - декабрда Кадунанын Тудун Бири айылындагы  Нигерия аба күчтөрүнүн учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусунан каза болгондордун саны өскөндүгүн маалымдады.

2073372
Нигерияда бомбаланган айылда каза болгондордун саны  120дан ашты

Нигерия аба күчтөрүнүн 3 -  декабрда Кадуна штатында жаңылыштык менен бомбалагандыгы айтылган Тудун Бири айылында каза болгондордун саны  120дан ашкандыгы билдирилди. 

Эл аралык мунапыс уюмунун Нигерия директору Сануси Иса 3 - декабрда Кадунанын Тудун Бири айылындагы  Нигерия аба күчтөрүнүн учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусунан каза болгондордун саны өскөндүгүн маалымдады. 

Иса уюмдун жетекчилеринин бутага алынган айылда изилдөө иштерин жүргүзүп  120дан ашуун кишинин каза болгондугу аныкталгандыгын белгиледи. 

Нигерия Улуттук өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги кечээ көпчүлүгү аялдар жана аблдардан турган  85 кишинин каза болгондугун, 66 кишинин жаралангандыгын билдирген.

Кадунанын ички коопсуздук жана ички иштер боюнча мамлекеттик комиссары Самуэль Аруван штаттагы террористтерге каршы көнүмүш операция учурунда Нигерия аба күчтөрүнүн  айылды "кокустан" бомбалагандыгын  ырастаган.

Нигериянын президенти Бола Ахмед Тинубу кол салууну дароо иликтөөгө буйругун берген.

Нигериянын кургактык күчтөрүнүн командири Таоред Лагбажа болгон окуя үчүн айыл тургундарынан кечирим сурады.

 



Тектеш кабарлар