Иран менен Орусия санкцияларга каршы кызматташуу келишимин түздү

Абдуллахиян Орусиянын борбор шаары Москвада басма сөзгө билдирүү жасады.

2073306
Иран менен Орусия санкцияларга каршы кызматташуу келишимин түздү

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык санкцияларына каршы Орусия менен кызматташтык келишимине кол койгондорун кабарлады.

Иран мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, Абдуллахиян Каспий деңизи менен чектеш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Орусиянын борбор шаары Москвада басма сөзгө билдирүү жасады.

26 өлкөнүн АКШ же кээ бир Батыш өлкөлөрү тарабынан бир тараптуу экономикалык санкцияларга дуушар болгонун айткан Абдуллахиян: «Иран 3 жыл мурун бул өлкөлөр менен блок же биримдик түзүү сунушун киргизген. Бул тема боюнча Орусия менен келишимге кол койдук»,- деди.

Иран министри белгилегендей, аталган биримдиктин түзүлүшү санкцияларды нейтралдаштыруу жана санкцияланган өлкөлөрдүн жыргалчылыгын жана өнүгүү деңгээлин жогорулатууну көздөйт.



Тектеш кабарлар