Индиядагы катуу шамал: 23 адам каза болду

ANI News агенттигинин маалыматына караганда, Тамил Наду штатынын Ченнай шаарынын полициясы апааттан каза болгондордун санынын 23кө жеткенин кабарлады.

2073331
Индиядагы катуу шамал: 23 адам каза болду

Индияда «Мичаунг» циклону себеп болгон нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден каза тапкандардын саны 23кө жетти.

ANI News агенттигинин маалыматына караганда, Тамил Наду штатынын Ченнай шаарынын полициясы апааттан каза болгондордун санынын 23кө жеткенин кабарлады.

Ченнай полициясы, нөшөрлөгөн жамгырдын айынан жүргөн сел учурунда токко урунган же сууга кабылган 10 кишинин куткарылганын билдирди.

Индиянын Метеорология департаменти (IMD) Андхра-Прадеш жана Тамил Наду штаттарында саатына 110 километр ылдамдыкта соккон шамалдын басаңдап, түндүк аймактарга жылганын маалымдады.



Тектеш кабарлар