Мозамбиктеги холера эпидемиясы

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү холера оорусу боюнча акыркы көрсөткүчтөрдү бөлүштү.

2072882
Мозамбиктеги холера эпидемиясы

Мозамбикте холера эпидемиясынан эки адам каза болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Мозамбиктин Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү холера оорусу боюнча акыркы көрсөткүчтөрдү бөлүштү.

Мозамбиктин түндүгүндөгү эпидемияда акыркы эки жумада 1100 кишиде холера оорусу аныкталганы, эпидемиядан улам 2 кишинин каза болгону белгиленди.

Бир тараптан өлкөнүн түндүгүндөгү көптөгөн аймактарда да эпидемия коркунучу бар экени айтылды.

Мозамбикте 2022-жылдын сентябрь айында күчөгөн холера эпидемиясынан ушул убакка чейин 153 адам каза болуп, 40 миңден ашуун учур катталды.



Тектеш кабарлар