Иран Оман булуңунда 17 кемени конфискациялады

Иран өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Оман булуңунда контрабандалык күйүүчү май ташыган  17 кемени конфискациялагандыгын жана 12 кишинин камакка алынганын билдирди.

2072793

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Чабахар деңиз базасынын командири Али Хажетпур контрабанда менен күрөшүүнүн негизинде Оман булуңунун жээгинде орун алган Чабахар шаарына жакын жерде жүргүзүлгөн операцияда 12 миң литр контрабандалык күйүүчү май ташыган  17 кеменин конфискациялангандыгын белгиледи. 

Ирандык командир операция учурунда  12 кишинин да камакка алынгандыгын айтты. 

Тектеш кабарлар