Индияда катуу жамгыр жаашы

Индиянын түштүк бөлүгүндө таасирдүү болгон Мичаунг циклондук бороону  себеп болгон катуу жамгыр жана селден улам 8 киши каза болду.

2072784
Индияда катуу жамгыр жаашы

Индиянын түштүк бөлүгүндө таасирдүү болгон Мичаунг циклондук бороону  себеп болгон катуу жамгыр жана селден улам 8 киши каза болду.

"Hindustan Times" гезинин билдиргенине Караганда, Андхра - Прадеш жана Тамил Наду штаттарынын түрдүү райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр суу ташкынына алып келди. 

Тамил Надунун борбор шаары Ченнайда ылдамдыгы саатына болжол менен 100 километрге жеткен Мичаунг циклондук бороону жол ачкан  тынымсыз жааган жамгырдан улам 8 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Мичаунг циклондук бороонунан улам Тамил Наду штатында кооптуу аймактарда жашагандар эвакуацияланып, мектептер менен өкмөттүк имараттардагы иш - чаралар токтотулду.

Ченнай жана айланасындагы аймактарда да мектептер, өкмөттүк имараттар жана банктар жабылып, бороон жол ачкан  катуу жааган жамгырдан улам курулуп жаткан дубал кулап  2 киши каза болду.

 



Тектеш кабарлар