Байрамов менен Лавров жолугушту

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Каспий өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

2072848
Байрамов менен Лавров  жолугушту

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Каспий өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, эки министрдин жолугушуусунда «Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелердин  2020-2022-жылдары эң жогорку деңгээлде жөнгө салуу аракеттери жетишилген үч тараптуу келишимдердин негизинде арттырылышы керектиги ырасталды".

Министрликтин билдирүүсүнө караганда жолугушууда өзгөчө Россия Федерациясы жана Азербайжан Республикасынын ортосунда  2022 -  жылы  22 -  февралда кол коюлган Союздаштык карым  - катнаштар декларациясынын турмушка ашырылышы үчүн ташталышы керек болгон кадамдар сөз болду. 

Жолугушууда өз ара кызыкчылыктарды козгогон аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланып, Каспий “бештигинин” кызматташтыгынын алкагындагы маселелер козголду.

Декабрын айынын  башында Азербайжандын тышкы иштер министри Арменияга тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштаган. Байрамовдун Скопьеде өтүп жаткан ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин 30 - жыйынында жасаган билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр биринчи өлкөнүн чек арасында же үчүнчү өлкөнүн чегинде болушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар