«Гуманитардык тыныгуудан» кийин Израиль Газага кайра кол салууда

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра маалымат жыйынында Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгондор тууралуу маалымат берди.

2071845
«Гуманитардык тыныгуудан» кийин Израиль Газага кайра кол салууда

«Гуманитардык тыныгуудан» кийин Израиль Газада өлтүргөн палестиналыктардын саны 193кө жетти.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра маалымат жыйынында Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгондор тууралуу маалымат берди.

Кудра Израилдин согуштук учактарынын «гуманитардык тыныгуу» аяктагандан кийин дароо баштаган кол салууларын улантканын белгиледи.

Газа тилкесинин түрдүү аймактарында жарандардын бутага алынганын белгилеген Кудра кол салууларда 193 кишинин каза болгонун, 652 кишинин жараланганын белгиледи.

Израилдин Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Аль-Бурайж качкындар лагерине абадан соккусунан көбү балдар жана аялдар болгон 9 киши каза болду.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин Рефах шаарында Аззум үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алышынын натыйжасында эң аз 9 жаран каза болуп, кээ бирлери жаракат алды.

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына абадан кол салуусунда 3 бала каза болуп, 12 киши жараланды.

Израилдин артиллериялык бөлүктөрүнүн Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Белах шаарындагы турак-жайларга жасаган кол салууларында көп сандаган киши каза болду жана жарадар болду.

Израилдик учактардын Газанын чыгышындагы Эш-Шужайя районуна  абадан кол салуусунан кийин урандылардын астынан эң аз 300 кишинин каза болгондугу жана жараланганы белгиленди.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагерине жана шаардын түштүгүндөгү Эд-Дурк кварталына болгон кол салууларда да каза болгон жана жаралангандар бар.

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесиндеги бир үйгө кол салуусунда кеминде 7 жаран каза болду.

Израиль ошондой эле блокададагы Газа тилкесиндеги жарандык коргонуу унааларынын жана куткаруу жабдууларынын 80 пайызын жок кылды.

Газа тилкесинде палестиналык топтор менен кагылышууда каза болгон израилдик аскерлердин саны 72ге жетти.

Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы кээ бир райондордон палестиналык жарандарды көчүп кетүүгө мажбурлоодо.

Армиянын басма сөз катчысы Авичай Адрае X социалдык медиа платформасында араб тилинде билдирүү жасап Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына караштуу Аль-Махатта, Эль-Кетибе, Хамед, Эс-Сатр, Бени Сухейл жана Ман аймактарында жашаган палестиналык жарандардан үйлөрүн таштап кетүүнү суранды.

Адрае өз постунда Израилдин чабуулдарынын жаңы этабына даярдануу максатында Газа тилкеси «блокторго» бөлүнгөн жана «эвакуация зоналары» деп аталган жерлердин картасын жарыялады.

Израиль оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Акса имамы Шейх Икриме Сабринин үйүн бузуу үчүн «эвакуация» буйругун берди.

Израиль армиясы Газа тилкесинен атылган ракеталарга жооп иретинде «Темир Купол» абадан коргонуу системасынан атылган ракетанын өлкөнүн борбордук аймактарына түшкөнүн көрсөткөн кадрлардан кийин иликтөө башталганын жарыялады.

Хамастын аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Газа тилкесинин борборундагы 60 израилдик аскер жайгашкан бир пунктту бутага алышканын жарыялады.

Кассам бригадаларынын темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Мүжахиддер көптөгөн оккупация аскерин өлтүргөндөн кийин коопсуз түрдө өз позицияларына чегиништи»,деген сөздөрү камтылган.

Бир тараптан Ливандагы Хизбулла кыймылы чек арадагы Израиль армиясына таандык 7 аскердик пунктка чабуул койгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар