Путин орус армиясындагы аскер санын көбөйттү

Россиянын президенти Владимир Путин армиясындагы аскер санын 170 миң кишиге көбөйтүп жалпы аскердик кызматкер санын  2 миллион  209  миңге чыгарды.

2071699
Путин орус армиясындагы аскер санын көбөйттү

Россиянын президенти Владимир Путин армиясындагы аскер санын 170 миң кишиге көбөйтүп жалпы аскердик кызматкер санын  2 миллион  209  миңге чыгарды. 

Кремлдин интернет сайтында жарыяланган Путин кол койгон жарлыкка ылайык  1 миллион  320 миңи аскер болгон Россия куралдуу күчтөрүнүн кызматкер саны  2 миллион  209 миң 130 киши деп белгиленди. 

Чечим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди. 

Путиндин 2023 - жылдын 1 - январынан тарта күчүнө кирген мурдагы жарлыгына ылайык, орус армиясындагы өздүк курамдын саны 2 миллион 39 миң 758 кишиден, анын ичинде 1 миллион 150 миң 628 аскерден турган.

Ушундайча  мурдагы жарлыкка ылайык, жоокерлердин саны 169 миң 372 адамга көбөйүп, калган кызматкерлердин саны өскөн эмес.

Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, армиядагы жоокерлердин саны болжол менен 170 миңге көбөйгөндүгү эске салынып, жарандарды милдеттүү түрдө аскердик кызматка тартууну олуттуу түрдө көбөйтүү планынын жок экени баса белгиленди.

Билдирүүдө : "Мобилизациялоо боюнча эч кандай өкүмт жок" ,- деп билдирилди. 

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта ал жердеги аскер санында  170 миңге жакын артуунун болгондугу эске салынып, жарандардын мажбур түрдө аскердик кызматка алынышын маанилүү өлчөмдө арттырууга карата пландын жок экендиги баса белгиленди. 

Орус армиясындагы артуунун Украинада "атайын аскердик операциянын" жүргүзүлүшү жана НАТОнун улантылып жаткан кеңейүүсү менен байланыштуу Россияга карата коркутуулардын көбөйүшүнөн келип чыккандыгы белгиленген билдирүүдө : "Учурдагы шарттардын алдында куралдуу күчтөрдүн санында жана согуштук күчүндө кошумча өсүү НАТО блогунун агрессиялык иштерине каршы ылайык жооп",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар