Нигерияда бир жумада 52 террорист жок кылынды
Нигерия армиясынын акыркы бир жумада өлкөнүн түндүк-чыгышында жүргүзгөн операцияларында 52 террорист жок кылынды.
2071688
Нигерия армиясынын акыркы бир жумада өлкөнүн түндүк-чыгышында жүргүзгөн операцияларында 52 террорист жок кылынды.
Коргоо министрлигинин басма сөз иштери боюнча директору Эдвард Буба армиянын акыркы жумада өлкөнүн түндүк-чыгышындагы штаттарында Боко Харамга каршы операция жүргүзгөнүн билдирди.
Буба операцияларда 52 террористтин жок кылынганын, ондогон террористтин жаралуу кутулгандыгын белгиледи.
Операцияларда уюмдун лидерлери да болгон 204 террористтин колго түшкөнүн белгилеген Буба, террористтерге таандык маанилүү көлөмдөгү ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү тууралуу да маалымат берди.
Тектеш кабарлар
Израиль армиясынын Женинге кол салуусунда 8 киши каза болду
Бул кол салууларда 21 палестиналыктын жараланганы кабарланды.