Грециялык министр Скерцос Эрдогандын Афинага сапары тууралуу маалымат берди
Президент Эрдогандын Түркия менен Грециянын ортосунда 7-декабрда боло турган 5-Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин (HDIK) жыйынынын алкагында Афинага барышы күтүлүүдө.
Грециянын мамлекеттик министри Акис Скерцос, президент Режеп Таййип Эрдогандын 7-декабрга пландалган Греция сапарында эки өлкөнү «бириктирген» элементтерге көңүл бурууну каалаганын айтты.
Министр Скерцос Грециянын мамлекеттик телеканалы ERTге маалымат берип жатып, президент Эрдогандын 7-декабрда борбор калаа Афинага пландаган сапары тууралуу баа берди.
Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашылгыс маселелердин бардыгына белгилүү экенин айткан Скерцос: «Буларда көөшөрбөйбүз. Акыркы төрт жылдагы чыңалууну жоюу үчүн орток аянт табууга аракет кылабыз»,-деди.
Грецияны кызыктырган негизги нерсенин жакшы коңшулук мамилелерди куруу, чек араларында тынчтыкты камсыз кылуу жана миграция агымына бөгөт коюу экенин баса белгилеген Скерцос: «Бул маанилүү жолугушууну пикир келишпестиктерге эмес, бизди Түркия менен бириктирген темаларды аныктоо жана көңүл буруу үчүн пландаштырдык»,- деди.
Скерцос Түркияда да, Грецияда да жакында жалпы шайлоолор болгонун эске салып, эки өлкөнүн лидерлеринин да жакшы коңшулук мамилелерди куруу ниетин ачыкка чыгаргандарын билдирди.
Президент Эрдогандын Түркия менен Грециянын ортосунда 7-декабрда боло турган 5-Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин (HDIK) жыйынынын алкагында Афинага барышы күтүлүүдө.