Захарова Хамаска ыраазычылык билдирди

Мария Захарова маалымат берди.

2071015
Захарова Хамаска ыраазычылык билдирди

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Орусиянын ХАМАСка барымтадагы орустарды бошоткону үчүн ыраазы экенин билдирди.

Захарова: «Хамас менен түзүлгөн келишимге ылайык, 29-ноябрдан тарта Газа тилкесинде туткунга алынган жарандарыбыз Елена Труфанова менен Ирина Татти бошотулду. ХАМАС уюмуна биздин туруктуу кайрылуубузга оң жооп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз. Газа тилкесиндеги берки жарандарыбызды да мүмкүн болушунча тез арада бошотуу аракетибизди улантабыз»,-деди.

29-ноябрда Хамас, барымтадагы эки орус жаранынын бошотулганын, Кызыл Чырым уюмуна өткөрүлүп берилгенин жарыялаган. 26-ноябрда да Хамас Израиль менен Палестинанын ортосундагы туткундарды алмаштыруу келишиминен тышкары барымтадагы орусиялык Рон Кривойду бошотуп, Захарова Хамастын бул кадамын жакшы ниеттин белгиси катары баалаган.



Тектеш кабарлар