Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги диалог жыйыны

Жыйын, министр Юмаклы менен Европа Биримдигинин айыл чарба комиссары Януш Войцеховскийдин тең төрагалыгында Брюсселде өткөрүлдү.

2071119
Түркия-Европа Биримдиги жогорку деңгээлдеги диалог жыйыны

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы айыл чарба темалуу Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) жогорку деңгээлдеги диалог жыйынына катышты.

Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессинин алкагында Түркия-Европа Биримдиги Жогорку деңгээлдеги айыл чарба диалогунун экинчи жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселде, министр Юмаклы менен Европа Биримдигинин айыл чарба комиссары Януш Войцеховскийдин тең төрагалыгында өткөрүлдү.

Жыйында айыл чарба жана айыл аймактарын өнүктүрүү стратегиялары, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба продукцияларынын эки тараптуу соодасын өнүктүрүү, IPARD программасы жана географиялык көрсөткүчтөр боюнча пикир алмашылды.

Азык-түлүк системалары климаттын өзгөрүүсү баш болгон оор сыноолордөн өтүп жаткан бул мезгилде тараптар айыл чарба тармагында, өзгөчө жашыл келишим жана туруктуулук огунда карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн жана диалогду арттыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Биринчи жыйын 2022-жылдын май айында борбор шаар Анкарада өткөн.

 



Тектеш кабарлар