Столтенберг: "Түркиянын тынчсызданууларын эстен чыгарбашыбыз керек"

Йенс Столтенберг НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында НАТОнун штаб-квартирасында журналисттерге билдирүү жасады.

2069922
Столтенберг: "Түркиянын тынчсызданууларын эстен чыгарбашыбыз керек"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын терроризмге байланыштуу мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларынын бар экенинин унутулбашы керектигин айтты.

Йенс Столтенберг НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында НАТОнун штаб-квартирасында журналисттерге билдирүү жасады.

«Бул жыйынга чейин Швециянын НАТОго толук кандуу мүчө болорун үмүттөнгөн элем, бирок бул ишке ашкан жок» деген Столтенберг, президент Режеп Таййип Эрдогандын бекитүү үчүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынына керектүү документтерди тапшырганын эске салып, Парламенттин эң кыска мөөнөттө бекитишин күткөндөрүн билдирди.

Столтенберг Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн бардыгы үчүн жакшы болорун айтып сөзүн мындайча улатты:

«Ошондой эле Түркиянын терроризм темасында, чыныгы террордук коркунучка каршы күрөшүү үчүн НАТО союздаштары менен тыгыз иштешүү боюнча мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларынын да бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Башка эч бир союздаш Түркия сыяктуу көбүрөөк террордук чабуулдарга кабылган эмес. Ошондуктан мен муну бул процесстин бир бөлүгү катары кубаттайм. Терроризмге каршы күрөштө жасала турчу нерселерди көбөйтүүнү макулдаштык».

Түркиянын террор менен күрөшүүдө реалдуу жана мыйзамдуу тынчсыздануулары бар экенин дагы бир жолу баса белгилеген Йенс Столтенберг: «ПККны Түркия эле эмес Швеция жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү да террордук уюм катары эсептешет. Ошондуктан биз Швециянын атайын кызматтары менен түрк чалгын кызматтарынын азыр тыгыз кызматташып, көбүрөөк маалымат бөлүшүп жатканын жана Түркиянын мыйзамдуу кооптонуусун чечүү үчүн дагы да тыгыз кызматташууга карата туруктуу механизм түзүшкөнүн кубаттайбыз. Мен ошондой эле Швециянын Түркияга курал экспортуна чектөөлөрдү алып салышы боюнча аракет кылып жатам. Анткени шериктештердин бири-биринен аскердик техникаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигине ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар