Израиль кошумча бюджетти бекитти

Израилдин мамлекеттик телеканалы КАНдын кабарына караганда, өкмөттүн согуштук сарптоолору үчүн даярдалган кошумча бюджетке чечим чыгарылды.

2070002
Израиль кошумча бюджетти бекитти

Израиль өкмөтү, согуштук сарптоолору үчүн "мурда болуп көрбөгөндөй" 8 миллиард долларлык кошумча бюджетти бекитти.

Израилдин мамлекеттик телеканалы КАНдын кабарына караганда, өкмөттүн согуштук сарптоолору үчүн даярдалган кошумча бюджетке чечим чыгарылды.

Өлкөдө 7-октябрдан кийин түзүлгөн согуштук министрлер кабинетинин мүчөсү, мурдагы коргоо министри Бенни Ганцтин бюджетке каршы чыкканы маалым болду.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген Ликуд партиясынан министрлер Нир Баркат менен Офир Акунистин да бюджетти колдобогону белгиленди.

Бул каршылыктарга карабастан согуш чыгымдарын финансылоо үчүн 30 миллиард шекел (8 миллиард доллар) өлчөмүндө кошумча бюджеттин бекитилгени маалымдалды.



Тектеш кабарлар