Газа өкмөтү: "Күнүнө 1000 фура гуманитардык жардам керек"

Саламаттык сактоо секторунун толугу менен кыйраганы жана Шифа ооруканасынын күнүмдүк 12 миң литр күйүүчү майга муктаж экени баса белгиленди.

2070032
Газа өкмөтү: "Күнүнө 1000 фура гуманитардык жардам керек"

Газадагы өкмөт, Израилдин кол салууларынын кесепеттерин азайтуу үчүн күн сайын 1000 фура гуманитардык жардамдын кирүүсү керектигин айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Газа тилкесинин медициналык жабдуулар жана жарандык коргонуу шаймандарына муктаж экени кабарланды.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларынын кесепеттерин азайтуу үчүн күн сайын 1000 фура гуманитардык жардам жеткирилиши керектиги маалымдалып, саламаттык сактоо секторунун толугу менен кыйраганы жана Шифа ооруканасынын күнүмдүк 12 миң литр күйүүчү майга муктаж экени баса белгиленди.

Билдирүүдө: «Газада жашоо токтоду, апаат менен бетме-бет келишибиз мүмкүн, күйүүчү майдын Газага кириши үчүн дүйнөгө чакырык салып жатабыз»,-деп айтылды.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» жөнүндөгү келишим 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирген.

Макулдашууга караганда, ХАМАСтын колундагы 50 израилдик туткундун ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү 150 палестиналыкты бошотуу келишими түзүлдү.

Катардын Тышкы иштер министрлиги кечээ Газадагы «гуманитардык тыныгуунун» дагы 2 күнгө узартылганын жарыялаган.

Хамас "гуманитардык тыныгуунун" Газанын бардык жерлерине жеткириле турган 200 гуманитардык фура жана 4 күйүүчү май ташуучу танкердин күн сайын киришин жана туткундарды алмаштырууну камтыганын билдирген.



Тектеш кабарлар