Энтони Блинкен "гуманитардык тыныгуунун" көпкө созулушуна мүмкүнчүлүк түзө тургандарын билдирди

Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун штаб  - квартирасындагы НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын башталышынан  мурда пресс  - жыйын өткөрдү.

2070023
Энтони Блинкен "гуманитардык тыныгуунун"  көпкө созулушуна  мүмкүнчүлүк түзө тургандарын билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Хамас менен Израилдин ортосунда Газадагы кагылышууларга берилген "гуманитардык тыныгуунун" мүмкүн болушунча көпкө созулушуна мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеткылышарын билдири. 

Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун штаб  - квартирасындагы НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын башталышынан  мурда пресс  - жыйын өткөрдү.

Блинкен жыйында Украина жана Батыш Балкандар сыяктуу бир топ маселе менен бирге Газадагы абал жана жалпы Жакынкы чыгыш маселесинин сөз болорун айтты.

Хамас менен Израилдин ортосундагы кагылышууларга "гуманитардык тыныгуунун" берилишинен ыраазы экендигин айткан Блинкен : "Барымталардын үйлөрүнө барып,  жакындары менен жолугушуусунан ыраазымын. Муну мүмкүн болушунча  көпкө созулушуна жана мүмкүн болушунча көп кишини алып келүүдө чечкиндүүбүз",- деди. 

Столтенберг да тышкы иштер министрлеринин Жакынкы Чыгыш да болгон бир нече чукул коопсуздук темасын талкуулай тургандарын белгилеп : "Газада кагылышууларга берилген тыныгуунун узартылышын  ыраазычылык менен кабыл алам. Ушундай жол менен Газа калкы муктаж болгон жардам көрсөтүлдү жана дагы көп барымта бошотулду",- деди. 

 



Тектеш кабарлар