Блинкен Алиев жана Пашинян менен сүйлөштү

Блинкен Алиев жана Пашинян менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулады.

2069721
Блинкен Алиев жана Пашинян менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Блинкен Алиев жана Пашинян менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулады.

Алиевдин "туруктуу тынчтык келишимине" байланыштуу убадасын кубаттаган Блинкен, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын ​​эки тарапка тең азап алып келерин белгиледи.

Блинкен эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн аякташынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

АКШнын мамлекеттик катчысы, Пашинян менен сүйлөшүүсүндө да тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн маанисине басым жасады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Арменияны 21-ноябрда тынчтык келишимине жетишүү үчүн түздөн-түз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

Министрликтин билдирүүсүндө, Азербайжандын тынчтык келишими долбооруна байланыштуу сунуштарына Армениянын жооп берүү мөөнөтүнүн болжол менен 2,5 айга созулушунун процессти олуттуу түрдө кечеңдеткени айтылган.

Армения менен Азербайжандын чек араны аныктоо комиссиялары 30-ноябрда эки өлкөнүн чек ара аймагында жолугушат.



Тектеш кабарлар