3-туткун алмашуу болду

Өткөн түнү Израилдин түрмөлөрүндөгү дагы 39 палестиналык аял жана балдар камактан бошотулду.

2069001
3-туткун алмашуу болду

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууда 4 күндүк гуманитардык тыныгуунун үчүнчү күнү өттү.

Өткөн түнү Израилдин түрмөлөрүндөгү дагы 39 палестиналык аял жана балдар камактан бошотулду.

Буга жооп катары Хамас 17 израилдик туткунду бошотту.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса сели» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жана ондогон израилдикти барымтага алганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине карата «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөп кеткен чыңалууда көбү балдар болгон 14 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар