Палестинага колдоо митингдери өткөрүлүүдө

АКШнын   Сан-Франциско шаарында жүздөгөн адамдар Газаны колдоп митингге  чыгышты.

2068743
Палестинага колдоо митингдери өткөрүлүүдө
abd san fransisco filistin.jpg
san fransisco filistin.jpg

Израилдин Газадагы мыкаачылыгына жалпы дүйнөдө каршы чыгуулар болууда.

АКШнын   Сан-Франциско шаарында жүздөгөн адамдар Газаны колдоп митингге  чыгышты.

Мэриянын алдына чогулган эл ураан чакырып, баннерлерди көтөрүштү.

Митингчилер Израилдин Газага жасаган кол салууларын айыпташты.

АКШнын Нью-Йорк штатында миңдеген адам Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн Вашингтон Сквер паркына чогулушту.

Израилдин Газадагы оккупациясын биротоло токтотууну талап кылган демонстранттар «Кара жума» деп аталган соода акциясында Израилге колдоо көрсөткөн фирмаларды бойкот кылышты. 

 

Швециянын борбору Стокгольмдогу темир жол вокзалына чогулган митингчилер Палестинага тилектештигин көрсөткөн баннерлерди ачышты.

Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда Израилдин Газага кол салууларына нааразы болгондор митингге чыгышты.

 

Митингчилер Израилдин палестиналыктарды дискриминациялоочу аракеттерине көңүлдөрдү бурушту жана Голландия администрациясынын ушул убакка чейин ок атышууну токтотууга чакырбаганына нааразылык билдирилди.

 

Йемендин борбор шаары Санада миңдеген адамдар Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларына каршылык көрсөтүштү.

Чогулгандар валюталык купюраларды жана  Палестина менен Йемендин чоң желектерин көтөрүп, Газаны колдогон ураандарды чакырышты. 

Израилдин 7-октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында 15 миңге жакын палестиналык каза тапты.

 

 



Тектеш кабарлар