Израиль экинчи топтогу туткундардын тизмесин алды

Кечээ кечинде Хамас 13 израилдик туткунду, Израиль да  оккупация астындагы Батыш Шериада Израиль түрмөсү Офердеги   39 палестиналыкты  бошотту.

2068754
Израиль экинчи топтогу туткундардын тизмесин алды

Израиль Газадан бошотулушу пландалган туткундардын экинчи тобунун ысымдарынын тизмесин  алды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарында Газа тилкесинен бүгүн бошотулушу пландалган экинчи топ  туткундардын ысымдарын камтыган тизменин Израиль бийлигине жеткендиги маалымдалды.

Кабарда араларында аялдар жана балдар да болгон 13 израилдик туткундун бүгүн бошотулушу пландалып жаткандыгы,  экинчи топто  дагы көп баланын орун алышынын күтүлүп жаткандыгы айтылды. 

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк гуманитардык тыныгуу тууралуу макулдашуу кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирди.

Кечээ кечинде Хамас 13 израилдик туткунду, Израиль да  оккупация астындагы Батыш Шериада Израиль түрмөсү Офердеги   39 палестиналыкты  бошотту.

Келишимдин негизинде Хамастын колундагы  50 израилдик туткун менен Израиль түрмөлөрүндөгү 150 палестиналык бошотулат. Бошотула турган  туткундар эки тарапта тең аялдар жана балдардан турат. 

 



Тектеш кабарлар