Францияда өрт чыгып 3 киши каза болду
Сена-Сен-Дени губернаторлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Стейнде түн ичинде белгисиз бир себеп менен бир имаратта өрт чыккан.
2068753
Франциянын борбор шаары Париждин чет жакасындагы Стейнде бир имаратта чыккан өрттө 3 кишинин каза болгондугу, 8 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.
Сена-Сен-Дени губернаторлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Стейнде түн ичинде белгисиз бир себеп менен бир имаратта өрт чыккан.
Окуяда 3 адам каза болуп, бирөөсү өрт өчүрүүчү болгон 8 адам жаракат алды.
Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери башталды.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.