Германиядагы мечиттерге акаарат каттары

Берлин мамлекеттик биримдигинин төрагасы Якуп Айар, расисттик жазуулар менен конверттердин почта аркылуу Кожа Синан мечити, Осман Гази мечити жана Мурадийе мечитине жөнөтүлгөнүн билдирди.

2068218
Германиядагы мечиттерге акаарат каттары

Германиянын борбор шаары Берлиндеги Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигине караштуу 3 мечитке расизм жана мусулмандардын ыйык нерселерине акаарат келтирген конверттер жөнөтүлдү.

Берлин мамлекеттик биримдигинин төрагасы Якуп Айар, расисттик жазуулар менен конверттердин почта аркылуу Кожа Синан мечити, Осман Гази мечити жана Мурадийе мечитине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Айар конверттердин ичинен расисттик билдирүүлөр жана кемсинтүүлөр жазылган кагаздар менен кошо өрттөлгөн Куран барактары жана чочко майы чыкканын айтты.



Тектеш кабарлар