Зеленский абадан коргоо системалары тууралуу билдирди

Владимир Зеленский : "2024 - жылы Украина аба аянты Россия үчүн жабыла турган жыл болушу керек. Украинага берилген ар бир коргонуу системасы адам өмүрүн куткарууда",- деди.

2068189
Зеленский  абадан коргоо системалары тууралуу билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө берилген  ар бир абадан коргоо системасынын адамдардын өмүрүн куткаргандыгын белгиледи. 

Зеленский Х социалдык медиадагы  билдирүүсүндө абадан коргоо системаларынын Украинанын коопсуздугуна салынган стратегиялык инвестиция экендигин айтты.

Владимир Зеленский : "2024 - жылы Украина аба аянты Россия үчүн жабыла турган жыл болушу керек. Украинага берилген ар бир коргонуу системасы адам өмүрүн куткарууда",- деди. 

Аба калканы менен Украинага дагы көп качкындын кайта тургандыгын жана ушундайча экономикалык өнүгүүнүн ылдамдай тургандыгын баса белгилеген Зеленский буларды айтты : "Экономикабыз дагы көп киреше таба турган болсо өлкө тышынан келе турган колдоого да муктаж болбойт. Күчтүү абадан коргоо системалары жана Кара деңиз аркылуу экспортко да чагылат. Кол салулардын кесепеттерин жоюу үчүн чыгашага муктаждык болбойт".

Зеленский 2022-жылы Россиянын көзөмөлүнө өткөн украин жерлеринин жарымынан көбү кайтарылып алынганын эске салып : "Орус  флоту 2023-жылы Кара деңиздин олуттуу бөлүгүнөн чыгууга мажбур болду.  Россия эми ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар менен  чабуулдарды токтотот. Ушундайча  жеңишке жакындаган болобуз",- деди.  



Тектеш кабарлар