Бен Гвир  Израиль 14 телекөрсөтүү каналында сөз сүйлөдү

Израилдин Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир убактылуу гуманитардык ок атышпоодон кийин Газа тилкесине карата согуш улантылбаса  өкмөттө  жасай турган иштеринин болбой тургандыгын айтты.

2067744
Бен Гвир  Израиль 14 телекөрсөтүү каналында сөз сүйлөдү

Израилдин Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир убактылуу гуманитардык ок атышпоодон кийин Газа тилкесине карата согуш улантылбаса  өкмөттө  жасай турган иштеринин болбой тургандыгын айтты.

Бен Гвир  Израиль 14 телекөрсөтүү каналында сөз сүйлөдү.

Убактылуу гуманитардык ок атышпоодон кийин Газа тилкесине карата согуш улантылбаса өкмөттө жасай турган иштеринин болбой тургандыгын белгилеген Бен Гвир премьер  - министр Беньямин Нетаньяхунун согуштун улантыла тургандыгына байланыштуу билдирүүсүн уккандыгын айтты. 

Министр Бен Гвир X платформасындагы мурунку билдирүүсүндө Израиль менен Хамастын ортосунда жетишилген туткун алмашуу келишимин сынга алган.

Израилдин премьер - министри Нетаньяху пресс - конференцияда бардык максаттарынын Хамасты жок кылуу жана туткундарды кайтарып алуу экенин, согуштан кийин террорду колдогон эч бир элементтин Газаны башкара албай турганын жана Газа Израилдин келечегине коркунуч жаратпай тургандыгын айткан.

Басма сөзгө макулдашуунун биринчи этабында Хамас Газада кармалып турган 50 -  80ге чейин израилдик аялдар менен балдарды бошотору билдирилген. Израилдин көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган кеминде 150 палестиналык туткунду бошотушу күтүлүп жаткандыгы белгиленген.

Туткун алмашуунун Газада  4 күндүк гуманитардык ок атышпоо жарыялануу менен ишке ашырыла турган жана келишимдин негизинде күндө  300гө жакын фуранын Газага киришине мүмкүнчүлүктүн берилери маалымдалган.

Израилдин айтымында, Хамастын куралдуу канаты Кассам бригадасында 239 израилдик туткун бар.

Израилдин түрмөлөрүндө 7 миңге жакын палестиналык туткун бар, алардын 2 миңден ашыгы административдик камактагылар.

Израиль күчтөрү 7 - октябрдан бери оккупациядагы  Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде 3000дей палестиналыкты камакка алды.

 

 



Тектеш кабарлар