АКШлык сенатор Израилди сынга алды

Демократ сенатор Израилдин бул аракетинин канчалык ийгиликтүү экендиги тууралуу "белгисиз нерселердин көп" экендигин белгиледи.

2067786
АКШлык сенатор Израилди  сынга алды

Америка Кошмо Штаттарынын  Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс Израилдин Газага кол салууларында ХАМАСты бутага алууда жарандарды айырмалабоосунун  туура эмес экендигин айтты.

Сандерс  New York Times гезити үчүн жазган жазуусунда : "Израиль бир гана Хамасты жок кылуу үчүн бүтүндөй бир кварталды бомбалай албайт",- деп Тель Авив башкаруусунун Газага карата операцияларын сынга алды.

Демократ сенатор Израилдин бул аракетинин канчалык ийгиликтүү экендиги тууралуу "белгисиз нерселердин көп" экендигин белгиледи. 

Сандерс : "Израиль акыркы жылдарда тынчтыкчыл чечүүчү жол үчүн үмүт бере турган эч нерс жасаган жок. Газа блокадасын улантты, Батыш Шериадагы  оккупациясынын кемсинтүүчү аракеттерин күчөттү жана палестиналыктар бетме  - бет келген коркунучтуу турмуштук шарттарды  чоң өлчөмдө көрбөстүккө салды",- деди. 

Америкалык  сенатор өлкөсүнүн «сылык суроонун» ордуна берген миллиард долларлык фонддун Израилдин саясатын багыттоодо "козр катары колдонуусу керек" деп баа берди.

"АКШ Израилдин досу болсо да  достуктун айрым шарттары бар экендигин жана эл аралык мыйзамдарды жана өзүбүздүн адеп-ахлактык  түшүнүгүбүздү бузган аракеттерге шерик боло албасыбызды ачык айтышы керек" ,-деди Сандерс. 

 

 



Тектеш кабарлар