Мирзоян Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышууну пландабайт

Бул тууралуу Армениянын тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2067408
Мирзоян Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышууну пландабайт

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 22-23-ноябрь күндөрү Беларустун борбору Минск шаарында өтүүчү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышууну пландабайт.

Армениянын тышкы иштер министрлиги : "Беларустун тышкы иштер министри Сергей Алейников менен болон телефон  аркылуу сүйлөшүүдө Армения  -  Беларус күн тартиби тууралуу пикир алышылды. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун аткарган иштери тууралуу темалар козголду. Арарат Мирзоян 22 -  ноябрда Минскте боло турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңеши коргоо министрлеринин кеңеши жана Коопсуздук кеңешинин катчылар  комитетинин биргелешкен жыйынына катышпай тургандыгын билдирди",- деп билдирди.

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян жана армян дипломаттар өлкөлөрүнүн азырынча Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан  чыгууну ойлобогондугун билдирүү менен бирге уюмга байланыштуу шектенүүлөрүн билдиришкен. Премьер  - министр Пашинян Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун республика ичинде жоопкерчилик аянтын аныктоодон алыс болушунун негизги маселе экендигин ойлогонун айткан.

 



Тектеш кабарлар