Европа Биримдиги Нигерияга 1 миллион евро жардам берди

Европа Биримдигинен берилген билдирүүдө  Нигериядагы  дифтерия эпидемиясы менен күрөшүү жана эң көп жабыркаган коомдорго жардам берүү үчүн 1 миллион евролук гуманитардык жардам фондунун берилгендиги белгиленди.

2067302
Европа Биримдиги  Нигерияга  1 миллион евро жардам берди

Европа Биримдиги Нигерияда дифтерия эпидемиясынын жайылышын алдын алуу үчүн 1 миллион евролук колдоо көрсөттү.

Европа Биримдигинен берилген билдирүүдө  Нигериядагы  дифтерия эпидемиясы менен күрөшүү жана эң көп жабыркаган коомдорго жардам берүү үчүн 1 миллион евролук гуманитардык жардам фондунун берилгендиги белгиленди.

Билдирүүдө  фонддун Европа Биримдигинин эпидемиянын көзөмөлгө алынышына жардам берүү максатында март айында Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын Кырсыктарга каршы күрөшүү фондуна март айында бөлгөн 150 миң еврого кошумча катары берилгени билдирилди.

Нигерияда январь айынан бери 10 миң 322 дифтерия учуру аныкталып, бул мезгилде 600дөн ашуун адам каза болду.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Нигерияда дифтерия оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиянын экинчи толкуну болгонун тастыктады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду эпидемияга каршы күрөштүн алкагында сентябрь айында бул өлкөгө 9,3 миллион доза вакцина жөнөткөн.

"Коринебактериум дифтерия" деп аталган микроорганизм тамакка, мурунга, көзгө жана териге жайгашуу менен ортого чыгат.  Жугуштуу болгон оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар