Байден менен Блинкен Израиль менен Хамастын ортосунда түзүлгөн келишимди кабыл алды
Байден жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль өкмөтү менен Хамастын арасында түзүлгөн туткундарды алмаштыруу келишимин ыраазычылык менен кабыл алгандыгын белгиледи.
АКШнын президенти Жо Байден жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Израиль өкмөтү менен Хамастын арасында түзүлгөн туткундарды алмаштыруу келишимин ыраазычылык менен кабыл алды.
Байден жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль өкмөтү менен Хамастын арасында түзүлгөн туткундарды алмаштыруу келишимин ыраазычылык менен кабыл алгандыгын белгиледи.
Келишимде роль ойногон Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Тани жана Египеттин президенти Абдулфеттах ес - Сисиге ыраазычылык билдирген Байден АКШнын президенти катары АКШлык туткундардын бошотулушунун маанилүү приоритети экендигин айтты.
Блинкен да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө түзүлгөн келишимден ыраазы экендигин белгилеп, Египет жана Катарга ыракмат айтты.
Израиль өкмөтү Газа тилкесиндеги Хамас кыймылы менен туткундарды алмаштыруу келишимин жана 4 күндүк убактылуу ок атышпоону кабыл алгандыгын билдирген.
Хамас кыймылы да 4 күнгө созула турган убактылуу ок атышпоодо бошотула турган израилдик 50 туткунга Израиль абактарынан 150 палестиналыктын бошотулары тууралуу маалымат берилди.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.