АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

Кырсыкта учактын учкучу каза болду.

2067356
АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатында кичинекей бир учактын кырсыкка учурашы менен учкуч каза болду. 

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы Mooney M20 үлгүсүндөгү учактын  Эйр Парк-Даллас аэропортуна коноор алдында кырсыкка учурагандыгын жарыялады.

Даллас шаарынын Плано районундагы соода борборунун алдына кулаган учак айланадагы кээ бир дүкөндөргө  зыян келтирип, токтоп турган унаа да өрттөндү.

Полиция жетекчилери учактын учкучунун каза болгондугун белгиледи. Окуя тууралуу териштирүүнүн улантылып жаткандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар