Гавайиде бир аскердик учак тилкеден чыкты

Аскердик жетекчилер P - 8A согуштук учагынын Гавайиде деңиз базасындагы конуу тилкесинен чыгуу себеби азырынча белгисиз экендигин билдиришти.

2066919
Гавайиде бир аскердик учак тилкеден чыкты

Америка Кошмо Штаттарынын Гавайи  штатындагы аскердик базада тилкеден чыккан аскердик учактын жакын жердеги булуңга кулап түшүшү менен  9 киши жараланды.

Гонолулу Өрт өчүрүү кызматынын басма сөз катчысы Малколм К. Медрано жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында Гавайидеги деңиз базасында аскердик учактын Канеохе булуңуна кулап түшкөнү тууралуу кабар алганын жарыялады.

Аскердик жетекчилер P - 8A согуштук учагынын Гавайиде деңиз базасындагы конуу тилкесинен чыгуу себеби азырынча белгисиз экендигин билдиришти.

Жээк коопсуздук командирлиги болсо учакта жараланган  9 кишинин куткарылгандыгын жарыялады. Аймактагы ыңгайсыз аба шарттарынан улам көрүү аралыгынын кыскаргандыгы белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар